# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 323 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 323 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 323
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12213>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2312/edition/895405/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12213.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 323 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (16.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12213

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 16-июлу № 323 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Аскердик кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө "бакалавр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегинде:

"Аскердик билим берүү" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын: "

770300

Жарандык коргонуунун командалык тактикалык аскери

Бакалавр

";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бүтүрүүчүгө "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын тизмегинде:

"Аскердик билим берүү" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын: "

770300

Жарандык коргонуунун командалык тактикалык аскери

Магистр

"

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
