# 9-статья. Ош шаарынын мэрин шайлоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1221)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 11-июну № 97 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 декабря 2013 года № 219 "О статусе города Ош"](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1168/edition/483153/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1221/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 9-статья (12.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-9

---

Ош шаарынын мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан альтернативалуу негизде сунушталган талапкерлердин ичинен 4 жылдык мөөнөткө жашыруун добуш берүү жолу менен шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жүзөгө ашырылат. Шаардын мэрин шайлоо, эгерде ал шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, шайлоо жүрдү деп эсептелинет. Шаардын мэрин шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. Шаардын мэри Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкүдөй учурларда бошотулушу мүмкүн:

- жеке арызынын негизинде;

- мыйзамдарды, Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин сессиясынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча;

- соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде;

- ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;

- соттун аны өлдү, дайынсыз деп жарыялаган чечими күчүнө кирген, ошондой эле каза болгон учурда;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен учурда;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда;

- туруктуу ишке жөндөмсүздүгүнүн натыйжасында өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусу мүмкүн болбогон учурда;

- шаар кеңешинин депутаттарынын жаллы санынын үчтөн экиден кем эмесинин талабы боюнча.

Шаардык кеңеш мэрге ишеним көрсөтпөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Президенти эки жумалык мөөнөттө аны кызматынан бошотот, болбосо негиздүү баш тартуусу жөнүндө шаардык кеңешке билдирет. Шаардык кеңештин депутаттары шаардын мэрине кайталап ишеним көрсөтпөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Президенти эки жумалык мөөнөттө аны ээлеген кызматынан бошотот. Мэр мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын Президенти жаңы мэрди шайлоону өткөргөнгө чейин өзүнүн актысы менен 4 айлык мөөнөткө мэрдин милдетин аткаруучусун дайындай алат.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-10)
