# 7-статья. Ош шаарынын мэри жана мэриясы

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1221)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 11-июну № 97 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 декабря 2013 года № 219 "О статусе города Ош"](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1168/edition/483153/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1221/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 7-статья (12.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-7

---

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу бийлигин шаарда Ош шаарынын мэри жана мэриясы (мындан ары - мэр жана мэрия) жүзөгө ашырат. Мэр - шаарда мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана мыйзамда белгиленген тартипте мамлекет тарабынан өзүнө өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын чегинде аткаруу бийлигинин милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумундагы шайлануучу кызмат адамы, аткаруу-тескөөчү органдын - мэриянын жетекчиси. Мэрия - шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча мэрдин ишин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкарган аткаруу-тескөөчү орган.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-8)
