# 5-статья. Шаардык кеңеш

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1221)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 11-июну № 97 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 декабря 2013 года № 219 "О статусе города Ош"](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1168/edition/483153/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1221/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 5-статья (12.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-5

---

Шаардык кеңеш Ош шаарынын өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Шаардык кеңешке депутаттарды шайлоону өткөрүү тартиби жана алардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Шаардык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамда анын компетенциясына киргизилген ар кандай маселени өз алдынча чечүүгө укуктуу. Шаардык кеңеш:

- аймактык социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитет жана контролдойт;

- жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угат.

Шаардык кеңеш Ош шаарынын мэрин шайлайт. Шаардык кеңеш депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен көпчүлүк добушу менен Ош шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөөгө укуктуу. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштейт. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын жана анын аткаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде өздөрүнүн аймагында милдеттүү аткарылуучу актыларды кабыл алышат. Шаардык кеңеш жана Ош шаарынын мэриясы мыйзамдардын сакталышы жана аткарылышы үчүн мамлекет алдында, ал эми жергиликтүү коомчулук алдында - өз ишинин натыйжалары үчүн жооптуу болушат. Шаардык кеңештин, анын төрагасынын, туруктуу жана башка комиссияларынын, аппараттын, кеңештин сессиясынын ыйгарым укуктары, ошондой эле алардын иши Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары жана регламент менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-6)
