# 4-статья. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1221)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 11-июну № 97 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 декабря 2013 года № 219 "О статусе города Ош"](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1168/edition/483153/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1221/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 4-статья (12.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-4

---

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жарандардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан таанылган жана кепилдик берилген иши. Ош шаарынын тургундары бардыгы биригип шаардык жергиликтүү коомчулукту түзүшөт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырышат. Ош шаарында өз алдынча башкаруу жарандар тарабынан шайлоолор, курултайлар, чогулуштар, жыйындар жолу менен жүзөгө ашырылат. Өз алдынча башкарууну уюштуруу үчүн Ош шаарынын аймагында аймактык кеңештер жанакварталдык комитеттер түзүлөт. Алардын түзүмү менен иш-аракетинин чектери натыйжалуу өз алдынча башкаруунун керектөөчүлөрүнө жана калыптанган аймактык коомчулуктардын таламдарына жараша Ош шаарынын мэриясынын сунушу боюнча шаардык кеңеш тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-5)
