# 19-статья. Шаардын финансы-экономикалык негиздери

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1221)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 11-июну № 97 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 декабря 2013 года № 219 "О статусе города Ош"](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1168/edition/483153/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1221/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 19-статья (12.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-19

---

Ош шаарынын экономикалык негизин шаардын чегиндеги эмгек жана жаратылыш ресурстары, муниципалдык менчиги, менчигинин түрүнө карабастан, анын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт. Ош шаарынын финансылык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекемделген кирешелердин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, ошондой эле кредиттик, дагы башка финансылык ресурстар түзөт. Шаардын бюджетин түзүүнүн, бекитүүнүн жана аткаруунун тартиби, ошондой эле жергиликтүү салыктардын, жыйымдардын чени шаардык кеңеш тарабынан белгиленет. Шаардык бюджети салыктардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка кирешелерден куралат. Жөнгө салынуучу мамлекеттик кирешелер боюнча шаардык бюджетке "Кыргыз Республикасынын бюджет укугунун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген кирешелер кириш кылынат. Жергиликтүү салыктар, жыйымдар жана төлөмдөр толук бойдон шаардын бюджетине түшөт. Шаардын экологиясын бузгандыгы үчүн төлөмдөр, Кыргыз Республикасынын экология мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жазапулдар кошумча түрүндө шаардын бюджетине толук көлөмдө кириш кылынат. Шаардын мэриясы финансылык институттарды уюштурат, ошондой эле иши шаардын муктаждыктарына багытталган муниципалдык ишканаларды уюмдаштыра алат. Республикалык бюджетти түзүүдө Ош шаарындагы илим, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо жана республикалык маанидеги экологиялык программаларды өнүктүрүүнү финансылоо, ошондой эле шаардын бюджетинен жалпы республикалык маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө жумшалган чыгымдардын ордун жабуу каралат.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-20)
