# 17-статья. Ош шаарынын Ош областы менен мамилелеринин негиздери

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1221)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 11-июну № 97 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 декабря 2013 года № 219 "О статусе города Ош"](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1168/edition/483153/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1221/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 17-статья (12.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-17

---

Кыргыз Республикасынын Ош областынын администрациялык борбору Ош шаарында жайгашат. Ош шаары жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана Ош областынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө алар өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууга зарыл жер участкаларын, имараттарды, курулмаларды, үй-жайларды, жана башка объекттерди, турак-жай коммуналдык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөө негизинде берет. Чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби тиешелүү келишимдер менен белгиленет. Шаардын Ош областына карата шаарды азык-түлүк менен жабдуу (камсыз кылуу), коомдук тартипти жана айлана-чөйрөнү коргоо, калкты жумуш менен камсыз кылуу, транспортту жана транспорт инфраструктурасын иштетүү, энергия, жылуулук, суу менен камсыз кылуу, тараптардын өз ара таламдарын канааттандырууга байланыштуу келип чыгуучу социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик жагынан тейлөө чөйрөсүндөгү мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Шаар Ош областы жана шаарга жакын райондор менен бирге бирдиктүү шаар куруу саясатын иштеп чыгат жана жүргүзөт. Ош шаары менен Ош областы өздөрүнүн кеңештеринин, мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана Ош шаарынын мэринин компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен таламдарды жүзөгө ашыруу менен биргелешкен ченемдик укуктук актыларды жана чечимдерди кабыл алат, келишимдерди түзөт жана аларды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-18)
