Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
17-статья. Ош шаарынын Ош областы менен мамилелеринин негиздери
Күчүн жоготкон · 12.12.2013 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 декабря 2013 года № 219.
Кыргыз Республикасынын Ош областынын администрациялык борбору Ош шаарында жайгашат. Ош шаары жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана Ош областынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө алар өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууга зарыл жер участкаларын, имараттарды, курулмаларды, үй-жайларды, жана башка объекттерди, турак-жай коммуналдык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөө негизинде берет. Чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби тиешелүү келишимдер менен белгиленет. Шаардын Ош областына карата шаарды азык-түлүк менен жабдуу (камсыз кылуу), коомдук тартипти жана айлана-чөйрөнү коргоо, калкты жумуш менен камсыз кылуу, транспортту жана транспорт инфраструктурасын иштетүү, энергия, жылуулук, суу менен камсыз кылуу, тараптардын өз ара таламдарын канааттандырууга байланыштуу келип чыгуучу социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик жагынан тейлөө чөйрөсүндөгү мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Шаар Ош областы жана шаарга жакын райондор менен бирге бирдиктүү шаар куруу саясатын иштеп чыгат жана жүргүзөт. Ош шаары менен Ош областы өздөрүнүн кеңештеринин, мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана Ош шаарынын мэринин компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен таламдарды жүзөгө ашыруу менен биргелешкен ченемдик укуктук актыларды жана чечимдерди кабыл алат, келишимдерди түзөт жана аларды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 12.12.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1221/st-17" title="17-статья - Ош шаарынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>