# 11-статья. Ош шаардык кеңештин жана Ош шаарынын мэриясынын актылары

- Документ: [Ош шаарынын статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1221)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 11-июну № 97 "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2013
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 декабря 2013 года № 219 "О статусе города Ош"](https://aqlex.ai/kg/doc/205093)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1168/edition/483153/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1221/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаарынын статусу жөнүндө, 11-статья (12.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-11

---

Ош шаардык кеңеш өз компетенциясынын чегинде токтомдорду кабыл алат. Шаардык кеңештин төрагасы тескемелерди чыгарат. Бардык ишканалар, мекемелер, кызмат адамдары жана Ош шаарынын аймагындагы жарандар шаардык кеңештин токтомдорун анын компетенциясынын чегинде аткарууга милдеттүү. Ош шаарынын мэри өз компетенциясынын чегинде токтомдорду жана тескемелерди чыгарат. Мэрдин жарандардын укуктарына тиешелүү токтомдору жана тескемелери калкка маалымдалып турууга тийиш. Ош шаарынын мэриясынын өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган актылары Ош шаарынын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Ош шаардык кеңештин же Ош шаарынын мэринин өз компетенциясынын чегинде кабыл алган актыларын аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1221/st-12)
