# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 324
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12208>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2308/edition/1147639/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12208.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 324 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (24.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12208

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 16-июлу № 324 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу максатында жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонууну пландуу өркүндөтүүнү эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому менен бекитилген Субъекттер тарабынан маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү жана колдонуу графигинин "3-этап" жана "4-этап" деген главалары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
