# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 327 "Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 327 "Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 327
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2306/edition/885593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 327 "Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (04.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12204

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 358 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 16-июлу № 327 Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасында жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана регламенттөө максатында, "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
