# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июлундагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июлундагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 320
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2305/edition/885589/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июлундагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12202

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 11-июлу № 320 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматка кирүү жана аны өтөө маселелерин жөнгө салуу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчи - министр ушул токтомдон келип чыгуучу жана аны милдеттүү түрдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
