# 7-статья. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 7-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-7

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын калкын сапаттуу дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын калкын сапаттуу дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуунун жана фармацевтик өнөр жайдын өнүгүшүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

- турмуштук маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитет;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан коргоонун, Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуунун жеңилдетилген тартибин белгилейт;

- дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу үчүн мамлекеттик контролду камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-8)
