# 50-статья. Гуманитардык жардам катары түшкөн дары-дармек каражаттарын жүгүртүү

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 февраля 2010 года № 23 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О лекарственных средствах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202915)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215#diff=824647..824648>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 50-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-50

---

Гуманитардык жардам иретиндеги дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте алардын ишинин уставына ылайык эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан алынып келиниши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын аймагына гуманитардык жардам катары түшкөн, чыгарган өлкөдө же донор өлкөдө катталбаган дары-дармек каражаттарын колдонууга тыюу салынат. (3-бөлүк КР 2010-жылдын 1-февралындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Өзгөчө учурларда гуманитардык жардам өзгөчө кырдаалдарда колдонуу үчүн БУУ тарабынан сунуш кылынган өзгөчө жардам соопчулук буюмзаттардын тизмесине кирсе, алдынала макулдашуусуз эле көрсөтүлүшү мүмкүн. Саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы гуманитардык линия боюнча келип түшкөн дары-дармек каражаттарынын бирдиктүү республикалык реестрин жүргүзөт. (6-бөлүк КР 2010-жылдын 1-февралындагы № 23 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Саламаттык сактоо мекемелерине гуманитардык жардам катарында түшкөн дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык эсепке алынууга жана отчет берилүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын дары-дармек каражаттары жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен гуманитардык жардам түрүндө дары-дармек каражаттары ташылып келинген бардык учурлар тууралу кабарлап турууга милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен гуманитардык дары-дармек каражаттарын ташып келип жаткан субъекттерге карата чечим кабыл алат. (КР 2010-жылдын 1-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-49)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-51)
