# 47-статья. Кыргыз Республикасында стандарттуу эмес сапаттагы дары-дармек каражаттарын жана жасалма дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салуу

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 47-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-47

---

Жараксыз абалга келген жана жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салынат. Жараксыз абалга келген дары-дармек каражаттары жана жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттары жок кылынууга тийиш. Жараксыз абалга келген дары-дармек каражаттарын жана жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттарын жок кылуунун тартиби адамдардын, айбанаттардын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн коопсуздук талаптарын эске алуу менен иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилет. Жасалма дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салынат. Эгерде дары-дармек каражаттарын жеткирүүнүн шарттарында башка жагдай каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген жана гуманитардык максаттарга арналган дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салынат. Орулуулардын каражатынын эсебинен алынган дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салынат. Дары-дармек каражаттарын дарыкана мекемелеринен тышкары сатууга тыюу салынат. XIII Глава Калкты дары-дармек каражаттары жөнүндөгү маалымат менен камсыз кылуу. Дары-дармек каражаттарынын жарнамасы

---

Мурунку берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-46)  
Кийинки берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-48)
