# 46-статья. Дарыкана мекемелеринин дары-дармек каражаттарын даярдоо жана сатуу боюнча иш-аракетин лицензиялоо

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203771)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215#diff=824648..824649>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 46-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-46

---

Дарыкана мекемесине дары-дармек каражаттарын даярдоого жана сатууга лицензия Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан беш жылдык мөөнөткө берилет. Фармацевтик иш-аракетке лицензия алуу үчүн дарыкана мекемеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына төмөндөгү документтерди тапшырат:

- белгиленген үлгүдөгү арызын;

- дарыкана мекемеси жүзөгө ашырууну көздөгөн фармацевтик иш-аракеттин бардык түрүнүн тизмесин камтыган юридикалык жактын уставын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары юридикалык жана жеке жакты каттагандыгы жөнүндө күбөлүгүн;

- фармацевтик иш-аракетти жүзөгө ашыруу максатында тиешелүү имарат-жайды пайдаланууга укугун тастыктоочу документтерин;

- дарыкана мекемесинде фармацевтикалык иш-аракетти жүзөгө ашыруучу адистердин сертификаттары бар экендигин тастыктоочу документтерин;

- (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык жетинчи абзацы күчүн жоготту)

- (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык сегизинчи абзацы күчүн жоготту)

Фармацевтик иш-аракетти жүргүзүүгө берилген документтерди кароонун жана бул ишке лицензия берүүнүн мөөнөтү бир айдан ашпоого тийиш. Фармацевтик иш-аракетке лицензия берүүдөн баш тартуунун себеби берилген документтердин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбегендиги жана имарат-жайдын лицензиялоонун талаптарына жооп бербөөсү болушу мүмкүн. Баш тартуунун себептери Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан дарыкана мекемесине берилген документте көрсөтүлүүгө тийиш. Фармацевтик ишке берилген лицензиянын аракети ушул Мыйзамда каралган дары-дармек каражаттары менен чекене соода кылуунун тартиби бузулган учурда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө белгиленгенден мурда токтотулушу же жокко чыгарылышы мүмкүн. Эгерде дарыкана мекемеси жыл бою фармацевтик иш-аракетин баштабаса, дары-дармек каражаттарын даярдоого жана сатууга берилген лицензиянын аракети токтотулат жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына көрсөтүлгөн иштин жок экендигин актаган документтер көрсөтүлгөндөн кийин гана калыбына келтирилиши мүмкүн. (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-45)  
Кийинки берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-47)
