# 44-статья. Дары-дармек каражаттары менен чекене соода кылуунун тартиби

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203771)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215#diff=824648..824649>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 44-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-44

---

Дары-дармек каражаттары менен чекене соода кылуу дарыкана мекемелери тарабынан өзгөчө жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасында катталган дары-дармек каражаттары менен гана чекене соода кылууга уруксат берилет. Врачтын рецепти боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттары дарыкана аркылуу гана сатылууга тийиш. Врачтын рецебисиз берилүүчү дары-дармек каражаттары ошондой эле дарыкана киоскторунда, дарыкана пункттарында сатылышы мүмкүн. Врачтын рецеби боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан беш жылда бир жолу кайра каралат жана бекитилет. Тизмеге киргизилген толуктоо жыл сайын жарыяланып турат. Дарыкана мекемелери мамлекеттик, коммуналдык, жеке менчик болушу мүмкүн. Ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык дарыкана мекемелери милдеттүү түрдө аткарышы үчүн дары-дармек каражаттарын берүүнүн эрежелери менен тартиби Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат жана бекитилет. Дарыкана мекемелери жана фармацевтик билими бар адистери жок алыскы калктуу конуштарда дары-дармек каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген тартипте мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматчылары тарабынан сатылышы мүмкүн. Айбанаттарды дарылоо үчүн арналган дары-дармек каражаттары менен чекене соода кылуу дарыканада, ветеринардык дарыканада болбосо дары-дармек каражаттарын сактоо боюнча техникалык талаптарын сактоо шарттарында, ветеринар тарабынан жүзөгө ашырылат. Дарыкана мекемелери врачтын дайындоосун аткаруу үчүн дары-дармек каражаттарын пайдаланууга даяр түрүндө жана керектүү санда гана сатууга милдеттүү. Дарыкана мекемелери дары-дармек каражаттары менен бирге медициналык багыттагы буюмдарды, дезинфекциялоочу каражаттарды, жеке гигиена буюмзаттарын, оптиканы, табигый жана жасалма минералдык сууларын, дарылык, балдардын жана диеталык тамак-ашын, биологиялык активдүү тамак-аш кошумчаларын, косметикалык жана парфюмериялык продукцияны алууга жана сатууга укугу бар. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган аскер кызматын өтөө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, министрликтеринин, дагы башка аткаруу бийлик органдарынын дарыкана мекемелеринин иш-аракети ушул Мыйзам жана тиешелүү министрликтер жана аткаруу бийлигинин аталган органдары тарабынан бекитилүүчү жоболору менен жөнгө салынат. (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-43)  
Кийинки берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-45)
