# 39-статья. Дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келатканда Кыргыз Республикасынын бажы органдарына көрсөтүлүүчү документтер

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203771)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215#diff=824648..824649>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 39-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-39

---

Дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келатканда Кыргыз Республикасынын бажы органдарына төмөндөгүдөй документтер менен маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

- ташылып келаткан дары-дармек каражаттары жөнүндө маалыматты камтыган контракттар же документтер (эсеп-фактура, спецификациясы);

- дары-дармек каражаттарын алып келаткан адам жөнүндө маалыматтар (товардык-транспорттук коштомо каты (накладная) же эсеп-фактурасы);

- дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө, даярдоого жана сатууга берилген лицензиянын көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты (ташылып келаткан дары-дармек каражаттарынын коопсуздук талаптарына шайкеш келишин ырастаган билдирүү-милдеттенме).

(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-38)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-40)
