# 38-статья. Жеке пайдалануу жана дагы башка коммерциялык эмес максаттар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүү

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 38-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-38

---

Дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына лицензиясыз же Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты менен дары-дармек каражаттары ташып келиниши мүмкүн, эгерде алар төмөндөгүлөргө арналса:

- Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү жеке жактардын өздөрүнүн пайдалануусу үчүн;

- Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык корпустун кызматчыларына же эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө;

- Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү транспорт каражатынын жүргүнчүлөрүн дарылаганга;

- дары-дармек каражаттарынын көргөзмөлөрүнө жана жарманкелерине.

Зоопарктардагы тийиштүү айбанаттарды дарылоого арналган дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына лицензиясыз же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ташып келүүгө уруксаты менен ташып келиниши мүмкүн. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган учурларда, Кыргыз Республикасында катталбаган дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жол берилет. Гуманитардык максаттарга арналган дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ташып келинет. Кыргыз Республикасынын аймагына гуманитардык максаттарга арналган дары өндүргөн өлкөдөн же донор өлкөдөн каттоодон өтпөгөн дары-дармек каражаттарын ташып келүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-39)
