# 36-статья. Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүүнүн тартиби

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 36-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-36

---

Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Жеке жана коммерциялык эмес пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүүгө лицензиясыз же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ташып келүү уруксаты менен ушул Мыйзамдын 38-статьясында каралган учурларда гана жол берилет. Кыргыз Республикасында каттоодон өткөрүлбөгөн, бирок жөнөтүүлөр жүзөгө ашырылып келинген өлкөлөрдө каттоодон өткөн жана колдонулуп жаткан дары-дармек каражаттарын ташып келүү уруксаты өзгөчө учурларда (стихиялык кырсык, инфекциялык оорунун жайылышы) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жол берилет. Дары-дармек каражаттарына клиникага чейинки жана клиникалык изилдөө жүргүзүүгө арналган, каттоодон өткөрүлбөгөн дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты боюнча жол берилет. Кыргыз Республикасынын аймагына сапаты дары-дармек каражатын өндүргөн ишкананын сертификаты менен тастыкталган, дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү өлкөнүн дары-дармек каражаттарынын сапаты мамлекеттик стандарттарга ылайык өндүрүлгөндүгү ырасталган ташып келинүүчү дары-дармек каражаттары ташылса болот. Жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшүнө жарактуулугунун бардык мөөнөтүнүн үчтөн бири калган дары-дармек каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын аймагына сапаты стандартка жооп бербеген дары-дармек каражаттарын жана жасалма дары-дармек каражаттарын ташып келүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-37)
