# 34-статья. Дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштуруунун жана сапатына контролдук кылуунун эрежелерин жана дары-дармек каражаттарын жасоонун эрежелерин сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 34-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-34

---

Дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишкана дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштуруунун жана сапатына контроль кылуунун эрежелерин сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Дарыкана мекемеси дары-дармек каражаттарын жасоонун эрежелерин сактабагандыгы, ошондой эле жол-жоболоштурулушу, таңгакталышы жана дарыкана мекемелеринде жасалган дары-дармек каражаттарынын сапаттуу болушу үчүн жоопкерчилик тартат. Дары-дармек каражаттарынын жасалышына жана сапаттуу болушуна жоопкер жеке жак фармацевтик иш жүргүзүүгө берилген лицензияда көрсөтүлөт жана ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн тартиптик, администрациялык жана жазык жоопкерчилигин тартат. IX Глава Дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-35)
