# 33-статья. Дары-дармек каражаттарын жасоо

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203771)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215#diff=824648..824649>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 33-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-33

---

Дарыкана мекемелеринде дары-дармек каражаттарын жасоо врачтардын рецептеринин жана Кыргыз Республикасында каттоодон өткөрүлгөн дары-дармек каражаттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы бекиткен дарыкананын өзүндө топтолуп жасалган номенклатурага ылайык жүзөгө ашырылат. Дары-дармек каражаттарын жасоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен дары-дармек каражаттарын жасоонун эрежеси боюнча дары-дармек каражаттарын даярдоого лицензиясы бар дарыкана мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат. Дарыкана мекемелеринде жасалган дары-дармек каражаттарын маркировкалоо жана жол-жоболоштуруу ушул Мыйзамдын 32-статьясында көрсөтүлгөн эрежеге дал келүүгө тийиш. Дарыкана мекемесине дары-дармек каражаттарын даярдоого жана сатууга лицензия Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилет. (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-34)
