32-статья. Дары-дармек каражаттарын маркировкалоо жана жол-жоболоштуруу
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Дары-дармек каражаттарын маркировкалоо жана жол-жоболоштуруу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы белгилеген ченемдик документтердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Кандан, кандын плазмасынан, ошондой эле органдардан, адамдын денесинен алынган бардык дары-дармек каражаттарында "Адамдын иммунодефицитинин вирусуна козгогучу жок" деген жазуу болот. Кандан алынуучу кан сууну - кандай кандан, кандын плазмасынан, органдардан, кайсы жаныбардын денесинен алынгандыгы: вакциндер - вирустар менен бактериялардын көбөйүшү үчүн пайдаланылган азыктуулугу бар чөйрөнү көрсөтүү менен жүгүртүүгө түшөт. Гомеопатиялык дары катары каттоодон өткөн дары-дармек каражаттарына "Гомеопатиялык" деген жазуу жазылат. Жаныбарларды дарылоого арналган дары-дармек каражаттарына "Жаныбарлар үчүн" деген жазуу жазылат. Өсүмдүк сырьесунан алынган дары-дармек каражаттарына "Продукция радиациалык контролдон өттү" деген жазуу жазылат. Клиниклык изилдөөлөргө арналган дары-дармек каражаттарына "Клиникалык изилдөөлөр үчүн" деген жазуу жазылат. Ата-мекендик өндүрүштөгү дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен дары-дармек каражаттарын колдонуу боюнча нускамасы менен гана жүгүртүүгө түшүүгө тийиш. Нускама мамлекеттик жана расмий тилдеги маалыматты камтууга тийиш. Кошумча маалыматтарды киргизүү жана дары-дармек каражаттарын маркировкалоодо жол берилүүчү кыскартууларга Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты менен жол берилет.
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-32" title="32-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>