# 31-статья. Дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө мамлекеттик контроль

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 апреля 2009 года № 125 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "О лекарственных средствах""](https://aqlex.ai/kg/doc/203165)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215#diff=824646..824647>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 31-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-31

---

Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө мамлекеттик контролду Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дары-дармек каражаттарынын сапаттуу болушун уюштуруунун жана контроль жүргүзүүнүн эрежесин иштеп чыгат жана бекитет. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тууралуу мыйзамдарга ылайык дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканаларды текшерет жана дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштуруу жана сапатына контролдук кылуу дары-дармек каражаттарын өндүрүүнүн жана сапатына контролдук кылуунун эрежелерине ылайык келе тургандыгы жөнүндө корутунду чыгарат. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дары-дармек каражаттары өндүрүүнү уюштуруунун жана сапатына контроль жүргүзүүнүн эрежесинде анын тизмеси толук камтылган учурда дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө жана мурда өндүрүлгөн дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салууга укуктуу. (КР 2009-жылдын 17-апрелиндеги № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-32)
