# 26-статья. Дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки изилдөө

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 26-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-26

---

Дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки изилдөөлөр баалоонун жана далилдөөлөрдүн илимий усулдары менен дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна жетишүү максатында жүргүзүлөт. Дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки изилдөөлөр дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуучу уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен лабораториялык иш-тажрыйбанын эрежелери боюнча жүргүзүлөт. Дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки изилдөөлөр дары-дармек каражаттарын изилдөөлөрдүн натыйжалары киргизилүүчү протокол жүргүзүү жана отчет түзүү менен бекитилген план боюнча жүргүзүлөт. Дары-дармек каражаттарын жаныбарларга карата клиникага чейинки изилдөөлөр эл аралык эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. Дары-дармек каражаттарын клиникага чейинки изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жаныбарларды пайдалануунун укуктук жана этикалык ченемдеринин сакталышына контролдук Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-27)
