# 23-статья. Фармацевтик иш-аракетти жүргүзүүгө карата укук

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203771)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215#diff=824648..824649>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 23-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-23

---

Фармацевтик иш-аракетти жүргүзүүгө фармацевтик жогорку жана орто окуу жайларында атайын билим алган, квалификациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген талаптарга жооп берген адамдарга жол берилет. Кыргыз Республикасында жашаган, Кыргыз Республикасынын фармацевтик жогорку жана атайын орто окуу жайларында атайын билим алган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында фармацевтик иш-аракеттерди жүргүзө алышат. Чет мамлекеттин фармацевтик жогорку жана орто окуу жайларында атайын билим алган адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында фармацевтик иш-аракетин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сертификатын алгандан кийин жол берилет. (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-24)
