23-статья. Фармацевтик иш-аракетти жүргүзүүгө карата укук
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 октября 2012 года № 171
Фармацевтик иш-аракетти жүргүзүүгө фармацевтик жогорку жана орто окуу жайларында атайын билим алган, квалификациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген талаптарга жооп берген адамдарга жол берилет. Кыргыз Республикасында жашаган, Кыргыз Республикасынын фармацевтик жогорку жана атайын орто окуу жайларында атайын билим алган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында фармацевтик иш-аракеттерди жүргүзө алышат. Чет мамлекеттин фармацевтик жогорку жана орто окуу жайларында атайын билим алган адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында фармацевтик иш-аракетин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сертификатын алгандан кийин жол берилет. (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-23" title="23-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>