# 20-статья. Кыргыз Республикасынын калкын дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуунун тартиби

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 20-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-20

---

Кыргыз Республикасынын калкын дары-дармек каражаттары менен камсыз кылууну:

- менчигинин формасына карабастан иштин мындай түрүнө лицензиясы бар дарыкана мекемелери;

- илим-изилдөө мекемелеринин жана медициналык жогорку окуу жайларынын курамына кирген, иштин мындай түрүнө лицензиясы бар клиникаларды кошуп алганда, дарылоо-профилактикалык мекемелер жүзөгө ашырат.

Дарыкана жана дарылоо-профилактикалык мекемелердин номенклатурасы жана калкка дары-дармек каражаттарын берүү тартиби Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет. Дарыкана мекемелеринде дары-дармек каражаттарын сатууга, даярдоого, дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоого фармацевтик билими бар адамдарга жол берилет. Илим-изилдөө мекемелеринин жана медициналык жогорку окуу жайларынын курамына кирген дарылоо-профилактикалык мекемелерде, клиникаларда дары-дармек каражаттарынын пайдаланылышынын натыйжалуулугуна, коопсуздугуна жана сарамжалдуулугуна контролдукту Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипте алардын алдында түзүлүүчү дары-дармек комитеттери жүзөгө ашырат. Дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоону Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-21)
