20-статья. Кыргыз Республикасынын калкын дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуунун тартиби
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Кыргыз Республикасынын калкын дары-дармек каражаттары менен камсыз кылууну:
- менчигинин формасына карабастан иштин мындай түрүнө лицензиясы бар дарыкана мекемелери;
- илим-изилдөө мекемелеринин жана медициналык жогорку окуу жайларынын курамына кирген, иштин мындай түрүнө лицензиясы бар клиникаларды кошуп алганда, дарылоо-профилактикалык мекемелер жүзөгө ашырат.
Дарыкана жана дарылоо-профилактикалык мекемелердин номенклатурасы жана калкка дары-дармек каражаттарын берүү тартиби Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет. Дарыкана мекемелеринде дары-дармек каражаттарын сатууга, даярдоого, дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоого фармацевтик билими бар адамдарга жол берилет. Илим-изилдөө мекемелеринин жана медициналык жогорку окуу жайларынын курамына кирген дарылоо-профилактикалык мекемелерде, клиникаларда дары-дармек каражаттарынын пайдаланылышынын натыйжалуулугуна, коопсуздугуна жана сарамжалдуулугуна контролдукту Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген тартипте алардын алдында түзүлүүчү дары-дармек комитеттери жүзөгө ашырат. Дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоону Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-20" title="20-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>