# 18-статья. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүчү субъекттердин укугу жана милдеттери

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203771)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.10.2012 [Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203771); 28.03.2009 [Закон КР от 28 марта 2009 года № 92 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О лекарственных средствах""](https://aqlex.ai/kg/doc/203128)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215#diff=824648..824649>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 18-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-18

---

Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- ушул Мыйзамда белгиленген тартипте дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө, даярдоого, ташып келүүгө, ташып чыгарууга, сатууга же берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте дары-дармек каражаттарын өндүрүү, даярдоо жана сатуу укугуна лицензия алууга;

- лицензияларды жол-жоболоштуруу тартиби, дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо, бажы контролу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдардан зарыл маалыматтарды алууга;

- дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоону лицензиялоого, мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жана бажы контролун жүзөгө ашырууга, ыйгарым укуктуу органдардын аракеттерине же аракетсиздиктерине белгиленген тартипте даттанууга;

- дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аларга аттестациялоо жана сертификациялоо жүргүзүүгө.

Дары-дармек каражаттарын жүгүртүүнү жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- өз иш-аракетин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген лицензиянын негизинде жүзөгө ашырууга;

- дары-дармек каражаттарын өндүрүү, даярдоо, сатуу, ташып келүү жана ташып чыгаруу эрежелерин, аларды жарнамалоонун шарттарын сактоо, ошондой эле дары-дармек каражаттарынын сапатына контролдукту жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдардын көрсөтмөлөрүн жана корутундуларын аткарууга;

- дары-дармек каражаттарды алардын коопсуздугун ырастаган сертификаты же тууралыгы жөнүндө декларациясы болгон учурда сатып өткөрүүгө;

- дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштурууга жана сапатына контролдук жүргүзүү эрежелерин сактоого;

- дары-дармек каражаттарын сактоонун шарттарын жана мөөнөттөрүн сактоо менен аларды дарыкана мекемелеринде чекене сатууну камсыз кылууга. Дары-дармек каражаттарын берүүнү врачтын рецеби боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттарынын Тизмесине ылайык жүргүзүүгө;

- врачтын рецеби боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттары жөнүндө калкка маалымдоого.

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 92, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) V Глава Дары-дармек каражаттарынын жетимдүүлүгүн камсыз кылуунун мамлекеттик тутуму

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-19)
