# 17-статья. Дары-дармек каражаттарын колдонуунун кесепетинен адамдын саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтуруу

- Документ: [Дары-дармек каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1215)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги № 91 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"](https://aqlex.ai/kg/doc/111672)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1162/edition/824645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1215/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Дары-дармек каражаттары жөнүндө, 17-статья (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-17

---

Дары-дармек каражаттарын колдонуунун кесепетинен адамдын саламаттыгына келтирилген зыян төмөнкүлөрдөн өндүрүлөт:

- дары-дармек каражаттарын өндүрүү технологияларын бузган жана (же) аны колдонуу боюнча нускамаларды басып чыгарууда ката кетирген өндүрүш ишканаларынан;

- сапатсыз дары-дармек каражаттарын алып келип жана сатып өткөргөн учурда дүңүнөн алып келүүчүдөн;

- колдонууга жараксыз дары-дармек каражаттарын бергендиктин натыйжасында фармацевтик иш-аракеттин эрежелерин бузган дарыкана мекемелеринен;

- эгерде дары-дармек каражаттары туура эмес же рационалдуу эмес белгиленүү менен зыян келтирсе менчигинин түрүнө карабастан өз алдынча медициналык иш жүргүзгөн адамдардан жана дарылоо-профилактикалык мекемелерден;

- сапатсыз дары-дармек каражаттарын жарнамалоонун натыйжасында адамдын өмүрүнө зыян келтирген учурда жарнама берүүчүдөн.

Дары-дармек каражаттарын колдонуунун кесепетинен адамдын өмүрүнө келтирген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1215/st-18)
