10-статья. Дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна контролдун мамлекеттик тутуму
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 октября 2012 года № 171
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген, анын ичинде малдарды дарылоо үчүн колдонулуучу бардык дары-дармек каражаттары, мамлекет тарабынан контролго алынат. Дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруунун тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, анын ичинде компетенциясына дары-дармек каражаттарынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун мамлекеттик контролдоону камсыздоо кирген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органынын ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленет. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы дары-дармек каражаттарынын сапаты, натыйжалуулугу жана коопсуздугу үчүн мамлекеттик контролдоону:
- дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна мамлекеттик контролду иштеп чыгуучу, изилдөөчү жана жүзөгө ашыруучу илим-изилдөө мекемелери, лабораториялар;
- саламаттык сактоо мекемелеринин алдында иштеген этикалык кеңештер;
- дары-дармек каражаттарын жүгүртүү субъекттерин зарыл маалыматтар менен камсыз кылуучу маалыматтык тутум аркылуу камсыз кылат.
Дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна мамлекеттик контроль төмөндөгүдөй жолдор аркылуу жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасында чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертизалар;
- дары-дармек каражаттарын, биологиялык активдүү тамак-аш кошулмаларын, дарылоо-косметикалык жана гомеопатиялык дары-дармек каражаттарын, малдарды дарылоо үчүн колдонулуучу медициналык иммунобиологиялык препараттарды жана дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо;
- дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик реестрин түзүү;
- медициналык колдонуу боюнча нускаманын жана кошумча барактын тексттин бекитүү;
- фармакопеялык макалалардын тексттерин бекитүү;
- мамлекеттик фармакопеяны түзүү жана басып чыгаруу;
- врачтын рецепти боюнча берилүүчү дары-дармек каражаттарынын тизмесин түзүү;
- дары-дармек каражаттарын колдонуу, терс таасирлери жана өз ара аракеттенүүдөгү өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана жалпылоо;
- дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик стандарттык сапатын жана мамлекеттик маалымат стандартын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- дары-дармек каражаттарын клиникалык сыноолордон өткөрүүнүн эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштуруу жана сапатын контролдоо эрежелерин, дары-дармек каражаттарын даярдоонун эрежелерин, дары-дармек каражаттары менен дүңүнөн соода жүргүзүүнүн эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- дары-дармек каражаттарын өндүрүүнүн экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун экспертизалоолор;
- лабораториялык иш-тажрыйба эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү;
- дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү, даярдоону лицензиялоодо дары-дармек каражаттарынын белгиленген мамлекеттик талаптарга ылайыктуулугу жөнүндө корутундуларды берүү;
- дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү уюштуруунун жана сапатын контролдоонун эрежелерин дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканалардын аткаруусуна контроль жасоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагына жасалма, сапатсыз жана мыйзамсыз түрдө ташып келинген дары-дармек каражаттарын сатып өткөрүүгө тыюу салуу;
- дары-дармек каражаттарынын жарнамаларын контролдоо;
- фармацевтик иш-аракетке көзөмөл жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка ыйгарым укуктар.
(КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1215/st-10" title="10-статья - Дары-дармек каражаттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>