Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, „Суу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 27-февралы № 114 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4 241-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 48-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "3. Суу объектилерин жана суу ресурстарын пайдалануу үчүн акысын белгилөө жана алуу тартиби, суу пайдалануучуларына жеңилдиктерди берүү Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.". 2-берене. "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 35-беренедеги "сууларды пайдаланууга укук берген лицензияларда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 39-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Суу объектилерине жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы белгилөөнүн жана алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.";
3) 41-берененин үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн акы төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:
- мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жаратылыш коруктары, ботаникалык бактар, өзгөчө коруктар, жаратылыштын эстеликтери, дендрологиялык парктар жана зоологиялык паркгар, маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана башка мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу мекемелер жана уюмдар;
- кайра жаралуучу энергияны кошкондо, сууну электр энергиясын иштеп чыгарууга пайдаланууда;
- сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, бак-дарактарды белгиленген лимиттин чегинде сугаруу максатында пайдаланууда;
- сууну үйдөгү малды жана короо участогун сугарууга пайдаланууда;
- сууну ичүүгө жана чарбалык тиричиликтеги керектөөлөр үчүн пайдаланууда;
- калктын ичүү керектөөлөрүнө суу алууда;
- сууну санитардык жана экологиялык максатта коё берүүдө;
- сууну спорт, эс алуу, туризм жана жеке кызыкчылыкка балык уулоо максаттарына пайдаланууда;
- суу объектилерине жана башка жаратылыш ресурстарына мамлекеттик мониторинг жүргүзүүдө, ошондой эле геодезиялык, топографиялык, гидрографиялык жана издөө-тартуу жумуштарын аткарууда;
- гидроэнергетикалык, мелиорациялык, балык чарба, суу транспорттук жана канализация багытындагы гидротехникалык курулмаларды жайгаштырууда жана курууда;
- мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук муктаждыктарын камсыздоодо.".
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл болгон ченемдик укуктук актыларын кабыл алсын. Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 27-июнундагы № 2525-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.06.2018 · № 2525-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-февралындагы № 2907-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндөгү" Кыргыз…Постановление · 20.02.2019 · № 2907-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 31-январындагы № 2870-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 31.01.2019 · № 2870-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Суу жөнүндөгүЗакон · 14.01.1994 · № 1422-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Суу КодексиКодекс · 12.01.2005 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон