# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы № 117 "Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы № 117 "Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2294/edition/1146017/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-февралындагы № 117 "Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө" токтому (24.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12105

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 28-февралы № 117 Дем алыш күндөрдү которуу жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык) Дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:

- 2018-жылдын 3-мартындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-мартындагы иш күнүнө;

- 2018-жылдын 28-апрелиндеги дем алыш күнү 2018-жылдын 30-апрелиндеги иш күнүнө;

- 2018-жылдын 7-майындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 3-сентябрындагы иш күнүнө;

- 2018-жылдын 3-ноябрындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-ноябрындагы иш күнүнө;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине:

- 2018-жылдын 3-мартындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-мартындагы иш күнүнө;

- 2018-жылдын 28-апрелиндеги дем алыш күнү 2018-жылдын 30-апрелиндеги иш күнүнө;

- 2018-жылдын 7-майындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 3-сентябрындагы иш күнүнө;

- 2018-жылдын 3-ноябрындагы дем алыш күнү 2018-жылдын 9-ноябрындагы иш күнүнө;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 6-мартында N 19 жарыяланды

Премьер-министри

С.Исаков
