Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын гидрометеорологиялык ишти жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө»ЖОБО
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 ноября 2023 года № 592 Об утверждении Положения о порядке осуществления гидрометеорологической деятельности, формирования и ведения Государственного реестра производителей гидрометеорологической информации"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-11-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 592 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-февралындагы № 103 токтому менен бекитилген
Гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын гидрометеорологиялык ишти жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Жобо гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн (жеке жана юридикалык жактар) Мамлекеттик гидрометеорологиялык реестрин (мындан ары - Мамлекеттик реестр) жүргүзүүсүн өзүнө камтыган гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын гидрометеорологиялык ишти жүргүзүүсүнүн тартибин аныктайт; жеке жана юридикалык жактардын айлана-чөйрөнүн абалын байкоолорунун жыйынтыктарынын гидрометеорологиялык маалыматтарын жана маалымат продукциясын берүүсүнүн тартибин аныктайт, ошондой эле ведомстволук гидрометеорологиялык уюмдар жана кызматтар, юридикалык жана жеке жактар менен гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын гидрометеорологиялык ишти жүргүзүүсүнүн тартибин аныктайт.
2. Гидрометеорологиялык ишти жүргүзгөн ведомстволук гидрометеорологиялык уюмдар жана кызматтар, юридикалык жана жеке жактар кызматтык пайдалануу үчүн гана гидрометеорологиялык байкоолорду жана айлана-чөйрөнүн абалына байкоолорду жүргүзүүгө укуктуу. Ар кандай түрдөгү маалыматтык жана болжолдоо продукцияларын чыгарууга, ошондой эле аларды жайылтууга жол берилбейт.
3. Мамлекеттик гидрометеорологиялык кызматка кирбеген гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүчүлөр (гидрометеорологиялык ишти жүргүзүүчү ведомстволук гидрометеорологиялык уюмдар жана кызматтар, юридикалык жана жеке жактар) гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органда (Мамлекеттик реестрде) гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик каттоосунан өтүшөт.
4. Гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүчүлөр Мамлекеттик реестрде катталган, Дүйнөлүк метеорология уюмунда каралган форматта гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органга алгачкы байкоолордун маалыматтарын бекер беришет.
Маалымат өндүрүүчүлөр тарабынан берилген гидрометеорологиялык маалыматтар гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик гидрометеорологиялык фондду түзүү максатында берилет.
5. Гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун тиркемесине ылайык электрондук түрдө мамлекеттик реестрди жүргүзөт.
6. Мамлекеттик гидрометеорологиялык реестрге каттоо үчүн гидрометеорологиялык байкоо жана айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар жабдуулардын техникалык паспортунун, шайкештик (сапат) сертификатынын көчүрмөлөрүн жана башка зарыл документтерди тиркеп, гидрометеорология боюнча ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылуусу зарыл.
Берилген маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө арыз берүүчү жоопкерчилик тартат. Гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүчүнү каттоо мөөнөтү 1 жыл. Каттоо гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде дагы бир жылга узартылышы мүмкүн.
7. Арыз жана ага тиркелген документтер гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүчүлөрдүн Мамлекеттик реестрине гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүчүлөрдү каттоо боюнча гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын комиссиясы (мындан ары - Комиссия) тарабынан каралат.
8. Арыз берүүчүнү Мамлекеттик реестрге каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Комиссия тарабынан кабыл алынат жана гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси бекиткен протокол менен таризделет.
Комиссиянын курамын гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси (директор) бекитет. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттигинин гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыздоо башкармалыгынын начальниги, байкоолордун мамлекеттик системасы бөлүмүнүн начальниги, телекоммуникация жана маалыматтык технология башкармалыгынын начальниги, маркетинг бөлүмүнүн начальниги, монтаждоо-эксплуатациялоо бөлүмүнүн начальниги жана башка жооптуу адамдар. Арызга тиркелген тизмеде аталган иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн гидрометеорологиялык маалыматтардын өндүрүшүн түзгөн иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө ылайык келбегендиги Мамлекеттик реестрге каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.
9. Арыз берүүчүнү Мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин ага реестрдик (каттоо) номур берилет.
10. Гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүчү гидрометеорологиялык иш тармагындагы ченемдик укуктук актылардын жана (же) техникалык ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузса жана (же) гидрометеорологиялык маалыматтарды бербесе, Мамлекеттик реестрден чыгарылышы мүмкүн.
Ошондой эле гидрометеорологиялык маалыматтарды өндүрүүчүнүн гидрометеорологиялык маалыматтардын өндүрүшүн түзгөн иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү токтотуу ниети жөнүндө берген арызы Мамлекеттик реестрден чыгарууга негиз болуп эсептелет.
11. Гидрометеорологиялык мониторингдин жана айлана-чөйрөгө байкоо жүргүзүүнүн маалыматтары жеке жана юридикалык жактар гидрометеорология жана айлана-чөйрө жаатында байкоо жүргүзүү үчүн мамлекеттик гидрометеорологиялык реестрдин каттоосунан өткөндөн кийин юридикалык күчкө ээ болот.
Гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын гидрометеорологиялык ишти жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө жобого тиркеме
Форма Гидрометеорология жана айлана-чөйрө жаатында байкоо жүргүзүүнүн МАМЛЕКЕТТИК ГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК РЕЕСТРИ № _____ Жеке жана юридикалык жактардын аталышы (СИН, дареги): ____________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________ Иш жөнүндө кошумча маалымат: ____________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________ Байкоо жүргүзүү пунктунун орду жана координаттары: ____________________________________________________________________________________________ Байкоолордун тизмеси (түрү):
1. ______________________________________
2. ______________________________________
3. ______________________________________
4. ______________________________________
5. ______________________________________
6. ______________________________________
Эксплуатациялоонун пландалган мезгили: ____________________________________________________________________________________________ Кошумча маалымат: ____________________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________________ Датасы: ____________________ Аты-жөнү, колу: ____________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 592 "Гидрометеорологиялык ишти жүзөгө ашыруу, Гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн…Положение · 15.11.2023 · № 592
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-февралындагы № 103 "Гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын гидрометеорологиялык ишти жүргүзүүсүнүн тартиби…Постановление · 20.02.2018 · № 103 · Күчүн жоготкон