Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 15-февралы № 94 Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча маселелер жөнүндө Медициналык калдыктардын адамдын ден соолугуна жана курчап турган чөйрөгө зыяндуу таасиринин алдын алуу, сымаптуу буюмдар менен иштөөнү тартипке келтирүү максатында, "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык калдыктар менен иштөө боюнча убактылуу нускама, 1-тиркемеге ылайык;
- Медициналык багыттагы сымаптуу буюмдар менен иштөөнүн убактылуу эрежелери, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына медициналык калдыктар жана сымаптуу буюмдар менен иштөө боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом республикалык бюджеттен каржылануучу саламаттык сактоо уюмдары тарабынан тийиштүү жылга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылары белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2019-жылдын 1-январына чейин жарактуу.
Премьер-министр
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык калдыктар менен иштөө боюнча УБАКТЫЛУУ НУСКАМАИнструкция · 15.02.2018
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 248 · Күчүн жоготкон