Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Белград шаарында 2017-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы № 95 "Белград шаарында 2017-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Белград шаарында 2017-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Белград шаарында 2017-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Белград шаарында 2017-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене. Белград шаарында 2017-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги сербия тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2389-VI "2017-жылдын 5-декабрында Белград шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия…Постановление · 26.04.2018 · № 2389-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 15-мартындагы № 2309-VI "2017-жылдын 5-декабрында Белград шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 15.03.2018 · № 2309-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 2339-VI "2017-жылдын 5-декабрында Белград шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия…Постановление · 05.04.2018 · № 2339-VI
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- 2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылды суу менен жабдууну жана…Закон · 01.06.2018 · № 56
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон