Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 9-февралы № 87 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 1-берене. "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: төмөнкүдөй мазмундагы 39-1-берене менен толукталсын: "39-1-берене. Камакка алынган баалуу кагаздарды жоюу, алар боюнча киреше төлөө, аларды конвертациялоо, алмаштыруу же алар менен башка аракеттерди жасоонун тартибин аныктоо
1. Баалуу кагаздарды камакка алууда аларды конвертациялоо, алмаштыруу, жоюу жана алар менен болгон башка аракеттер камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин токтотулуп турат.
2. Баалуу кагаздарды камакка алууда, эгерде шектүү, айыпталуучу баалуу кагаздардын менчик ээси болгон учурда, камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин менчик ээсине кирешелерди төлөө токтотулуп турат.
3. Шектүү, айыпталуучу болуп саналган менчик ээсине төлөнүүгө тийиш болгон кирешелер камакка алуу жөнүндө чечим жокко чыгарылганга чейин, эгерде шектүү, айыпталуучу төмөнкү тартиптердин бирин бузса, сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырган органдын депозиттик эсебине которулууга тийиш:
1) сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырган органдан, соттон качса;
2) тергөөнү калыс жүргүзүүгө жана соттогу ишти териштирүүгө тоскоолдук жаратууга багытталган аракеттерди жазаса.
Баалуу кагаздардын эмитенти жоюлган же кайра уюштурулган учурда менчик ээсине төлөнүүгө тийиш болгон кирешелер сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырган органдын депозиттик эсебине которулат.". 2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 2719-VI "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.11.2018 · № 2719-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы № 2783-VI "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 20.12.2018 · № 2783-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 2975-VI "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.04.2019 · № 2975-VI
Шилтеме берет (3)
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "2018-2023-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) өнүктүрүү "СТРАТЕГИЯСЫСтратегия · 16.02.2018
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон