# 8-статья. Спорттун улуттук түрлөрү жаатындагы билим берүү

- Документ: [О национальных видах спорта](https://aqlex.ai/kg/doc/1208)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1155/edition/377938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1208/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О национальных видах спорта, 8-статья (18.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-8

---

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча адистерди даярдоо Кыргыз Республикасынын дене тарбия окуу жайлары, университеттердин, педагогикалык окуу жайлардын жана колледждердин дене тарбия факультеттери аркылуу жүзөгө ашырылат. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча сабактар жогорку окуу жайларда окутуунун алгачкы эки курсунда милдеттүү болуп саналат жана жумасына кеминде эки саат өткөрүлөт, ал эми калган курстарда факультативдик түрдө жүргүзүлөт. Мектептердин кесиптик башталгыч, кесиптик орто окуу жайлардын окуучулары үчүн спорттун улуттук түрлөрү боюнча сабактар узартылган күн режиминде окуу пландарына, мамлекеттик комплекстүү программаларга ылайык жүргүзүлөт. Сабактан тышкаркы мезгилде спорттун улуттук түрлөрү менен машыгуу үчүн клубдар жана мектептен тышкары ден соолук чыңдоо мекемелери түзүлөт. Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук резервди даярдоо спорттун улуттук түрлөрү боюнча адистештирилген балдар жана жаштардын окуу-спорттук мекемелеринин тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат. Бул тутум балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептерин жана жогорку спорттук чеберчиликтин мектептерин камтыйт. Дене тарбия окуу жайларында жана факультеттеринде спорттун улуттук түрлөрү боюнча окутуу мамлекеттик бюджеттин, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин адистерди максаттуу даярдоого багытталган каражаттарынын, ошондой эле кайрымдуулук фонддорунун каражаттарынын жана ыктыярдуу төгүмдөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-9)
