# 7-статья. Мамлекеттик башкаруу органдары

- Документ: [О национальных видах спорта](https://aqlex.ai/kg/doc/1208)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1155/edition/377938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1208/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О национальных видах спорта, 7-статья (18.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-7

---

Спорттун улуттук түрлөрү жаатындагы мамлекеттик башкарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү максаттуу мамлекеттик программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат, спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүнү финансылык жактан камсыздоону жүзөгө ашырат. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик башкаруу органы спорттун улуттук түрлөрү жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы болуп саналат. Жер-жерлердеги мамлекеттик бийлик органдары:

- спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү боюнча иш алпарган спорттук уюмдардын иш-аракеттерин жергиликтүү бюджеттен каржылайт;

- спорттун улуттук түрлөрү боюнча балдардын жана өспүрүмдөрдүн мамлекеттик спорттук мектептерин жана окутуу-спорттук базаларын түзөт жана каржылайт;

- имарат-жайларды, ошондой эле спорттук курулуштарды алардын ведомстволук таандыктыгына карабастан спорттун улуттук түрлөрү боюнча уюмдарга бөлүп берүүгө көмөк көрсөтөт.

III Глава

Спорттун улуттук түрлөрү жаатындагы билим берүү жана пропаганда

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-8)
