# 5-статья. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорт уюмдары

- Документ: [О национальных видах спорта](https://aqlex.ai/kg/doc/1208)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2011
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 апреля 2008 года № 57 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О национальных видах спорта"](https://aqlex.ai/kg/doc/202268)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1208#diff=377938..377939>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1155/edition/377938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1208/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О национальных видах спорта, 5-статья (18.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-5

---

Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрү боюнча бирикмелер, федерациялар, спорт сүйүүчүлөр жана профессионалдык клубдар, секциялар түрүндө спорт уюмдары түзүлөт, алар дене тарбия жана спорт боюнча республикалык мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иш жүргүзөт. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук уюмдар чемпионаттарды, спартакиадаларды, биринчиликтерди, кубок үчүн таймашууларды жана башка спорттук мелдештерди, ошондой эле дене тарбия жана спорт боюнча республикалык мамлекеттик башкаруу органы менен бирдикте спорттун улуттук түрлөрү боюнча эл аралык спорт мелдештерине даярдануу боюнча көнүгүү-машыгуу жыйындарын өткөрөт. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча республикалык мелдештер жыл сайын, ал эми спартакиадалар кеминде төрт жылда бир жолудан өткөрүлөт. Спорттук уюмдардын эмблемасы жана жекече символикасы алардын менчиги болуп саналат жана алардын макулдугу менен гана пайдаланылышы мүмкүн. (КР 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-6)
