5-статья. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорт уюмдары
Күчүндө · 18.05.2011 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 апреля 2008 года № 57
Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрү боюнча бирикмелер, федерациялар, спорт сүйүүчүлөр жана профессионалдык клубдар, секциялар түрүндө спорт уюмдары түзүлөт, алар дене тарбия жана спорт боюнча республикалык мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иш жүргүзөт. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук уюмдар чемпионаттарды, спартакиадаларды, биринчиликтерди, кубок үчүн таймашууларды жана башка спорттук мелдештерди, ошондой эле дене тарбия жана спорт боюнча республикалык мамлекеттик башкаруу органы менен бирдикте спорттун улуттук түрлөрү боюнча эл аралык спорт мелдештерине даярдануу боюнча көнүгүү-машыгуу жыйындарын өткөрөт. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча республикалык мелдештер жыл сайын, ал эми спартакиадалар кеминде төрт жылда бир жолудан өткөрүлөт. Спорттук уюмдардын эмблемасы жана жекече символикасы алардын менчиги болуп саналат жана алардын макулдугу менен гана пайдаланылышы мүмкүн. (КР 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.05.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1208/st-5" title="5-статья - О национальных видах спорта (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>