# 12-берене. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук уюмдардын

- Документ: [О национальных видах спорта](https://aqlex.ai/kg/doc/1208)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2011
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2011 года № 25 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О национальных видах спорта""](https://aqlex.ai/kg/doc/203269)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1208#diff=377939..377940>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1155/edition/377938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1208/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О национальных видах спорта, 12-берене (18.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-12

---

ишин каржылоо

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук уюмдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден артыкчылыктуу жана кошумча каржылоо укугунан пайдаланышат. Ошондой эле жеке ишкердиктен жана башка чарбалык иштерден алынган кирешелер, калкка акысы төлөнүүчү дене тарбия-спорттук жана саламаттыкты чыңдоо кызматтарын көрсөтүүдөн, белгиленген тартипте спорттук лотереяларды өткөрүүдөн, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өз ыктыярдуу төлөмдөрүнөн, коомдук дене тарбия-спорттук уюмдардын катышуучуларынын мүчөлүк төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттар, атайын фонддордун каражаттары, спорттук-оюн-зоок иш чараларын өткөрүүдөн алынган кирешелер, ишканалардан жана уюмдардан спорттук белгилерди жана энбелгилерди пайдалангандыгы үчүн чегеримдер, чет өлкөлүк инвестициялар, эл аралык уюмдардан келип түшүүлөр, чет өлкөлүк жарандардан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан спорттун улуттук түрлөрүн колдоо жана жандандыруу үчүн максаттуу демөөрчүлүк жардамдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактар аларды каржылоо булактары болуп саналат. Спорттун улуттук түрлөрүн каржылоого бөлүнгөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде өзүнчө сап менен көрсөтүлөт. Бюджеттен тышкаркы булактардан каражаттардын келип түшүүсү спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө бюджеттик чегеримдерди кыскартуу үчүн негиз болуп саналбайт. (КР 2011-жылдын 18-майындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-13)
