# 11-статья. Спорттун улуттук түрлөрүнүн материалдык базасы

- Документ: [О национальных видах спорта](https://aqlex.ai/kg/doc/1208)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1155/edition/377938/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1208/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О национальных видах спорта, 11-статья (18.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-11

---

Мамлекеттик башкаруу органдары менчигинин формасына карабастан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга аларда иштегендердин санына жараша спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү үчүн зарыл болгон ден соолук чыңдоочу жана спорттук имарат-жайлар менен камсыз болуунун эң төмөнкү ченемдерин белгилейт. Билим берүү мекемелерин, ошондой эле спорттук комплекстерди долбоорлоодо, жаңыдан курууда жана болгондорун реконструкциялоодо кимге таандык экендигине карабастан спорттун улуттук түрлөрү үчүн окутуу имараттарын куруу каралышы керек. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дене тарбия-ден соолук чыңдоочу жана спорттук имараттарды ошол турак жай районунун чегинде ага теңдеш жай курулганча жоюуга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1208/st-12)
