# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12077>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2273/edition/862583/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12077.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12077

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 22-январы № 51 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аталган мыйзамдын долбоору каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-статьянын 6-бөлүгү "башка укук коргоо органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Кодекстин 427-статьясында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 427-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"427-статья. Кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо өзгөчөлүктөрү Саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды иштен бошотуу, иштен бошотуу күнүн жана себептерин жазма баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же акы аз төлөнүүчү ишти аткарган жана тартиптик жаза берилген мезгил үчүн акы төлөө маселелери боюнча жекече эмгек талаш-тартыштары соттук эмес тартипте чечилет. Ушул статьяда аталган жагдайлар боюнча кабыл алынган чечимдер даттанууга жатпайт.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
