Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 22-январы № 51 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде аталган мыйзамдын долбоору каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьянын 6-бөлүгү "башка укук коргоо органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Кодекстин 427-статьясында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 427-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"427-статья. Кызматкерлердин айрым категорияларынын жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо өзгөчөлүктөрү Саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды иштен бошотуу, иштен бошотуу күнүн жана себептерин жазма баяндоону өзгөртүү, башка ишке которуу, аргасыз ишке чыкпай калган же акы аз төлөнүүчү ишти аткарган жана тартиптик жаза берилген мезгил үчүн акы төлөө маселелери боюнча жекече эмгек талаш-тартыштары соттук эмес тартипте чечилет. Ушул статьяда аталган жагдайлар боюнча кабыл алынган чечимдер даттанууга жатпайт.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-февралындагы № 2271-VI "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.02.2018 · № 2271-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 24-майындагы № 2414-VI "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу"…Постановление · 24.05.2018 · № 2414-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги № 2362-VI "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 18.04.2018 · № 2362-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон