# Закон КР от 19 апреля 2003 года №83 "О толковании термина "иные социальные выплаты" в статье 1 Закона Кыргызской Республики "Об обеспечении своевременности выдачи заработной платы, пенсий, пособий и иных социальных выплат""

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1154/edition/284248/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 19 апреля 2003 года №83 "О толковании термина "иные социальные выплаты" в статье 1 Закона Кыргызской Республики "Об обеспечении своевременности выдачи заработной платы, пенсий, пособий и иных социальных выплат"" (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1207

---

Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек ш. 2003-жылдын 19-апрели № 83

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«ЭМГЕК АКЫНЫ, ПЕНСИЯЛАРДЫ, ПОСОБИЕЛЕРДИ ЖАНА БАШКА СОЦИАЛДЫК ТӨЛӨӨЛӨРДҮ ӨЗ УБАГЫНДА БЕРҮҮНҮ КАМСЫЗ КЫЛУУ ЖӨНҮНДӨ» КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНЫН 1-СТАТЬЯСЫНДАГЫ «ЖАНА БАШКА СОЦИАЛДЫК ТӨЛӨӨЛӨРДҮ» ДЕГЕН ТЕРМИНДИН ЧЕЧМЕЛЕНИШИ ТУУРАЛУ

2003-жылдын 7-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1207/st-1)

«Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж, N 7 90-ст.) 1-статьясындагы «жана башка социалдык төлөөлөрдү» деген термин мыйзамда белгиленген учурларда менчигинин жана чарба жүргүзүүнүн формасына карабастан бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан жарандарды материалдык (акчалай) камсыз кылуунун формалары катары түшүнүү керек, аларга: эмгектен жабыр тартуудан же кесиптик оорууга чалдыгуудан улам тарткан зыяндын ордун толтуруу, компенсациялар, бир жолку пособиелер кирет.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1207/st-2)

Ушул Мыйзамдын күч-аракети өзүнүн колдонулушу убактысы боюнча керине кетүү күчүнө ээ болот жана «Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып эмгек акыларды, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү берүү кечиктирилген ар бир учурга карата таралат.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1207/st-3)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев
