# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12069>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2270/edition/862127/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12069.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө " токтому (15.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12069

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 15-январы № 17 Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 23-26-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасында ветеринардык врачтарды жана параветеринардык адистерди каттоо/кайра каттоо жана реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;

- Ветеринария жаатындагы мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө жобо, 3-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков
