# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 46 ""Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 46 ""Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12066>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2267/edition/1158808/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12066.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 46 ""Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому (29.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12066

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 29-мартындагы № 260 жарлыгынын негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 22-январы № 46 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Байпакбаев Э.Ж., Исаева Д.Ш., Тулендыбаев П.Р., Ибраимжанов Б.С. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 46 токтому менен жактырылган

"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Байпакбаев Э.Ж., Исаева Д.Ш, Тулендыбаев П.Р., Ибраимжанов Б.С. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди. Бул Мыйзамды кабыл алуу жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө маселелерин, ошондой эле ветеринария тармагындагы башка маселелерди, атап айтканда малдын тарпы көмүлгөн жерлерди жана ветеринардык көзөмөлдүн башка объекттерин эл аралык ченемдерге ылайык кармоого жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен соодалык-экономикалык мамилесин өнүктүрүү маселесин чечүү үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну колдойт.
