# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын суу менен жабдуучу объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын суу менен жабдуучу объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12062>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2263/edition/861490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12062.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын суу менен жабдуучу объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (18.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12062

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 18-январы № 34 Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын суу менен жабдуучу объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн керектөөчүлөрдү ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 18-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте, ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн суу менен жабдуу объекттерин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн суу менен жабдуу объекттерин белгиленген тартипте муниципалдык менчикке алсын жана аларды мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөрсүн;

- суу менен камсыздоочу объекттерди максаттык арналышы боюнча гана пайдаланууну камсыздасын;

- суу менен камсыздоочу объекттерди жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен кармасын жана андан ары тейлесин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

С.Исаков

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү суу менен жабдуучу объекттеринин

ТИЗМЕСИ

№

Негизги каражаттардын аталыштары

Инвентардык номери

Баштапкы наркы (сом)

Баланстык наркы (сом)

1

Электр кыймылдаткычтары:

- 15 кВт/3000 айл. мүн

50801

8210,94

\-

- 18,5 кВт/3000 айл. мүн

51135

4500,0

\-

- 15 кВт/3000 айл. мүн

51147

39109,98

14923,46

- 22 кВт/3000 айл. мүн

51158

14625,0

\-

- 15 кВт/3000 айл. мүн

51159

51325,37

12469,63

- 18,5 кВт/3000 айл. мүн

51375

21470,77

14442,64

2

Магистралдык суу өткөргүч D - 150 мм, L - 500 м

50538

175000,0

96984,70

3

Болот түтүктөр:

- D -32 мм, L - 40 м

2009

6000,0

3311,07

- D - 50 мм, L - 10 м

50539

2500,0

1385,2

- D - 80 мм, L - 65 м

50540

38932,62

31398,3

- D - 100 мм, L - 153 м

50541

41310,0

22893,55

- D - 150 мм, L - 756 м

50542

181913,74

100816,94

4

Суу чыгаргычтын тосмосу

50543

2600,0

\-

5

Скважиналар

50544

5700,0

\-

50545

5700,0

\-

6

Насостор:

- К-100-88-160

50546

5885,0

\-

- ЭЦВ 10-65-65

477

34125,0

\-

- айлантуучу

50626

10500,0

\-

- КМ-80-100-160

51354

26752,21

8266,24

7

Бактерициддик түзүлүш

50547

800,0

\-

8

Бактерициддик түзүлүштүн имараты

50548

11650,0

\-

9

Нөөмөттүк персоналдын имараты

50549

9790,0

\-

10

Суу бөлүштүрүүчү камера

50550

3479,0

\-

11

Насостук станциянын имараты

50551

12600,0

\-

12

Чендер:

- 40 м3

50552

4112,0

\-

- 40 м3

50553

4112,0

\-

13

Резервуарлар:

- 250 м3

50554

6785,0

\-

- 250 м3

50555

6785,0

\-

Жыйынтыгы:

736273,63

306891,73
